Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде акын, котормочу, коомдук ишмер Махаббат Молдалиева менен «Ырыма каттым сырымды, ырлардан таптым сыйымды» аттуу чыгармачылык жолугушуу кечеси өттү. Иш-чаранын алкагында акындын чыгармачылыгы тааныштырылып, жаңы китептин бет ачары уюштурулду.
Саамалык КР Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында Мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана Казакстандан келген чыгармачыл коноктор катышты.
Поэзия менен көркөм сөздүн күчүн даңазалаган жолугушуу акындын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу видеоматериал менен башталды. Андан соң студенттер акындын мекен, эне, сүйүү жана адамдык асыл баалуулуктар тууралуу ырларын көркөм окуп, катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Махаббат Молдалиеванын чыгармачылык жолу, адабияттагы орду, ырларынын жаралуу тарыхы жана котормочулук ишмердүүлүгү тууралуу сөз болду.
Иш-чаранын өзгөчө маанилүү бөлүктөрүнүн бири кыргыз жана казак элдеринин адабий байланыштарын даңазалаган чыгармачылык маек болду. Казакстандык акын, котормочу Даулетбек Байтурсун уулу, акын жана обончу Серик Калиев, акын-композитор Нурлыбек Рэбил уулу баштаган коноктор кыргыз-казак адабий алакасы, чыгармачылык кызматташтык жана эки элдин руханий жакындыгы тууралуу ой бөлүшүштү.
Эки элдин акындарынын чыгармачылыгын жакындаткан котормо өнөрү адабий мурастарды кеңири таанытууга жана элдердин ортосундагы достукту чыңдоого өбөлгө түзөрү белгиленди.
Программанын алкагында акындын сөзүнө жазылган ырлар аткарылып, көркөм окуулар жана улуттук бий тартууланды. Ошондой эле студенттер акынга суроолорун узатып, анын чыгармачылык тажрыйбасы, поэзияга болгон көз карашы жана адабияттын жаш муундун руханий дүйнөсүн калыптандыруудагы мааниси тууралуу пикир алышты.
Жыйынтыгында уюштуруучулар конокторго ыраазычылык билдирип, чыгармачылык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, эне тилди, улуттук адабиятты жана руханий баалуулуктарды жайылтуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Добавить новый комментарий