Студенттик конференцияга чакырабыз
МААЛЫМ КАТ
УРМАТТУУ СТУДЕНТТЕР!
А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети жалпы өлкөбүздүн студенттерин 2023- жылдын 16-май күнү өтүүчү “Учурдагы билим берүү маселелери студенттердин көз карашында” аталышындагы студенттердин аймактык илимий-теориялык конференциясына чакырат.
Конференциянын максаты: Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы студенттердин арасында илимий потенциалды өнүктүрүү.
Конференциянын милдеттери:
- студенттерди илимий-практикалык иштерге тартуу;
- жаштардын илимий ишмердүүлүгүнө дем берүү жана колдоо көрсөтүү;
- ЖОЖдордун студенттеринин ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдоо;
- жаштардын инновациялык потенциалын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү
Конференциянын программасында пленардык жыйын жана секцияларда иштөө каралган. Секциялардагы иштерди төмөнкү багыттар (темалар)боюнча уюштуруу пландалууда:
- Кенже класстын окуучуларына жана мектепке чейинки билим берүүгө болгон жаңы көз караштар;
- Табигый-илимий билим берүүгө студенттердин ой пикирлери;
- Социалдык-экономикалык билим берүү боюнча жаңыча көз караштар;
- Филологиялык билим берүүгө болгон студенттердин талаптары;
- Физикалык-математикалык илимдерди окутуунун жаңычылдыгы.
Конференцияга Өлкөбүздүн бардык жогорку окуу жайларынын студенттери катыша алышат.
Конференция кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт
Конференциянын өтүү форматы – офлайн
КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУ ҮЧҮН МАТЕРИАЛДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ – 1 –май 2023-жыл.
Макалаларды кабыл алуу үчүн жооптуу: Абдулахамидова Барно Нурмахамедовна
Конференцияга катышуунун шарттары:
Конференцияга катышкан студенттердин материалдары атайын жыйнак түрүндө басылып чыгат. Макалалар 2023-жылдын 1-майына чейин barno 74@ inbox.ru электрондук дареги боюнча кабыл алынат.
Телефон: +996 554130410
Конференция Ош шаары, Н. Исанов көчөсү 73, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин башкы имаратында өткөрүлөт.
Макаланы тариздөө эрежелери:
Текст Word редакторунда кыргыз, орус, тилдеринин биринде терилет.
барактын форматы-А4 (21х29,7);
беттин параметрлери: үстү жана асты – 2,5 см, солу – 2,25 см, оңу – 2,25 см; шрифт: Times New Roman, өлчөмү 14 pt.;
сап аралык интервал-1,5;
абзацтын биринчи сабында чегинүү 1,25 см;
макаланын көлөмү 5-6 беттен ашпайт; шилтемелер чарчы кашаанын ичинде берилет, мисалы: [5];
Макаланы даярдоо үлгүсү
МААЛЫМАТТЫК-КОММУНИКАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖАКТАН ӨНҮКТҮРҮҮДӨГҮ РОЛУ
Автордун жана авторлоштордун фамилиясы аты атасынын аты толук жазылат,
Илимий жетекчисинин аты жөнү толук жазылат
Жогорку окуу жайынын аталышы, курсу, тайпасы толук жазылат
Негизги текстКиришүү. xxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxхизилдөө методдору жана материалдары.xxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxхнегизги жыйынтыктар жана аларды талкуулоо.xxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxхкорутунду.xxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxxхколдонулган адабияттардын тизмеси алфавиттик тартипте түзүлөт.