ОшМПУда СТУДЕНТТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда СТУДЕНТТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
18 ноябрь 2022
585

ОшМПУда СТУДЕНТТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ОшМПУда СТУДЕНТТЕРДИН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн 17-ноябрь Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде студенттер күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат, окутуучулар жана студенттер катышып, таланттуу студенттердин чыгармачылык кечесине жана сыйлоо аземине күбө болушту.
Иш чаранын алгачкы бөлүгүндө студенттик күндөрдү чагылдырган видео-ролик, поэзия мүнөттөрү тартууланып, акындар ыр төгүп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды. Аны улай ректор сөзгө чыгып, жалпы студенттерди майрамы менен кызуу куттуктады.
“Бир келген студенттик мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ар тараптуу өнүккүлө. Республикалык, эл аралык сынактарга байма-бай катышып, ийгиликтерди жаратып калгыла. Ал үчүн биз болгон шартты түзүп берүүгө даярбыз. Сиздер мугалим деген улуу кесиптин ээси болосуздар. Ошондуктан тандаган кесибиңиздерди сүйүп, чоң жоопкерчилик менен мамиле кылышыңыздарга тилекетешмин!”-, деп билдирди Бекмурза Зулуев.
Бул менен бирге окууда, шаардык, эл аралык сынактарда, спорт жаатында, коомдук-маданий иштерде ийгилик жараткан жигердүү студенттерге окуу жай тарабынан диплом, Ардак грамота, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Салтка айланган “Жылдын мыкты студенти-2022” номинациясын ээлерине жана 5000 сом өлчөмүндөгү Т.Абжалов атындагы стипендия тарых адистигинин 2 студентине ыйгарылды.
Жыйынтыгында бүтүрүүчү курстун студенттери 1-курстун студенттерине зачеттук китепчени жана студенттик ачкычты официалдуу түрдө тапшырып, алардын окууларына, студенттик сапарына ийгиликтерди каалап өтүштү.
Белгилей кетсек, иш чара окуу жайдын жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, майрамды утурлай сүрөт тартуу жана китеп окуу конкурстары өткөрүлгөн. Жеңүүчүлөр бүгүнкү кечеде сыйланышты.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro