Бектурали Исамидин Уулу 1-орунду ээледи » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Бектурали Исамидин Уулу 1-орунду ээледи
13 ноябрь 2022
339

Бектурали Исамидин Уулу 1-орунду ээледи

Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган поэзия сынагында Бектурали Исамидин Уулу 1-орунду ээледи
Бүгүн Талас облусунда Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жанау өткөрүү алкагында Байдылда Сарногоев атындагы республикалык поэзия сынагынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр сыйланды.
Маалыматка ылайык сынактын финалдык бөлүгүнө 10 акын жолдомо алып, жыйынтыгында баш байгени Бегайым Нурланова, 1-орунду ОшМПУнун мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башкы адиси Бектурали Исамидин уулу, 2-орунду Жаннат Сабырбекова ал эми 3-орунду Кесексары Исаков ээлешип, диплом, акчалай жана Б.Сарногоев атындагы сыйлыкка ээ болушту.
Аталган сынак Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Талас облусунун Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, ага жалпы 48 автордон чыгармалар келип түшкөн.
5 кишиден турган комиссия мүчөлөрү Жобого ылайык 5-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар менен (поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилдин оригиналдуулугу); Кыргыз тилинин нормаларын сактоосу; таасирдүүлүгү, образдардын айкындыгы, маңызы, жаңычылдыгы) карап чыгып, 10 финалистке экинчи турга өтүүгө жолдомо беришкен.
Калыстардын чечими менен 2-турга өткөн авторлор: Калчоро Көкүлов, Элмира Ажыканова, Манас Алымбаев, Бегайым Нурланова, Бердибек Жамгырчиев, Керимбек Кадыракунов, Кесексары Исаков, Жаннат Сабырбекова, Бектурали Исамидин, Махабат Молдалиева.
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro