26 февраль 2022
63
ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШТИ
ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШТИ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнүн алкагында волейбол оюну боюнча мелдешти.
Иш чара студенттердин спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана майрамдык күнгө карата жагымдуу маанай жаратуу максатында окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулду.
Оюнда университеттин ар бир факультетинен куралган командалар таймаш куруп, жыйынтыгында 3-орунду табият таануу жана география факультети, 2-орунду гуманитардык факультети, 1-орунду дене тарбия факультетинин командасы ээледи. Аталган мелдеш 2 күнгө уланып, жеңүүчүлөр жана мыкты оюнчулар уюштуруу тобу тарабынан диплом, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.