ОшМПУда "ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ - 2022" КАРОО-СЫНАГЫ ӨТҮП ЖАТАТ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда "ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ - 2022" КАРОО-СЫНАГЫ ӨТҮП ЖАТАТ
29 ноябрь 2022
529

ОшМПУда "ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ - 2022" КАРОО-СЫНАГЫ ӨТҮП ЖАТАТ

ОшМПУда "ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ - 2022" КАРОО-СЫНАГЫ ӨТҮП ЖАТАТ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 1-курстун студенттери арасында "ТАЛАНТТАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ - 2022" кароо-сынагынын 2-айлампасы старт алды.
Өнөрлүү жаштардын башын бириктирген бул сынак университеттин Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, жаңыдан келген студенттердин алгачкы чоң сахнага чыгуусуна жана таланттарын таанытууга шарт түзүлүүдө.
Иш чарада студенттер жободо көрсөтүлгөн талапка ылайык фольклордук, көркөм окуу, эстрадалык, хореографиялык, алып баруучулук жанрлар жана өзгөчө өнөр боюнча сахнада өздөрүнүн чыгармачылык чеберчиликтерин жана таланттарын көрсөтүшүүдө.
Сынак үч этаптан туруп, биринчи айлампасы тайпалар ортосунда буга чейин болуп, тандалып алынган талант ээлери факультеттин атынан экинчи айлампага катышууда. Мында калыстар тобунун тандоосу менен мыкты деп тандалган өнөр ээлери гала концерттке кароо-сынактын жеңүүчүлөрү катары жолдомо алышмакчы.
Эскерте кетсек окуу жайда жалпы 1-курстун студенттеринин ичинен таланттуу студенттерди тандоо, аларды коомдук-маданий иштерге тартуу, таланттарды эл алдына алып чыгуу, колдоо көрсөтүү максатында жыл сайын салт катары уюштурулуп келет.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro