ЖАШТАР КҮНҮНДӨ СТУДЕНТТЕР ТАЛКУУ ҮСТҮНДӨ.. » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ЖАШТАР КҮНҮНДӨ СТУДЕНТТЕР ТАЛКУУ ҮСТҮНДӨ..
10 ноябрь 2023
198

ЖАШТАР КҮНҮНДӨ СТУДЕНТТЕР ТАЛКУУ ҮСТҮНДӨ..

ЖАШТАР КҮНҮНДӨ СТУДЕНТТЕР ТАЛКУУ ҮСТҮНДӨ...
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 10-ноябрь бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата тегерек стол болуп өттү.
Иш чара“Жаштардын коомдогу орду жана милдети” аталышында болуп, окуу жайдын жаштар комитети тарабынан уюштурулган. Тегерек столдун жүрүшүндө жаштар комитетинин активдүү мүчөлөрү Нурайым Аданова, Венера Рысбаева жана Динара Мамашарипова баяндама жасап, жаштар күнүнүн тарыхы, өлкөнүн келечеги, билимдүү жаштардын азыркы учурдагы орду жана милдети туурасында кызуу талкуу жүрдү.
Учурда өлкөнүн ар тараптан өнүгүп, жаштардын келечектин керегине жараган ишенимдүү жүзгө айлануусу үчүн билимдин орду чоң экени бүгүнкү тегерек столдо дагы бир ирет далилденди. Бул менен бирге катышуучулар тараптан сунуш – пикирлер айтылып, иш чара андан ары суроо-жооп форматында уланды. Жыйынтыгында активдүү катышкан студенттер уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектерге ээ болушту.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro