СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЭНКАУНТЕР ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЭНКАУНТЕР ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТТҮ
5 апрель 2024
275

СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЭНКАУНТЕР ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТТҮ

СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЭНКАУНТЕР ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде факультеттер аралык Энкаунтер интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.
Иш чара 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, ага ар бир факультеттен тандалып алынган шамдагай, ыкчам, тапкыч, интеллекти жогору студенттер катышты. Мында жобого ылайык 5 адамдан турган 7 курама команда кызуу оюн курушту.
Оюндун жүрүшү окуу жайдын спорттук аянтчасында уюштурулуп, алгач адистер оюндун шарты боюнча жалпы катышуучуларга түшүнүк беришти. “Энкаунтер” интеллектуалдык оюндун шартына ылайык, уюштуруучулар тарабынан, окуу жайдын ар кайсы жерине атайын код жашырылган. Ал эми командаларга код жашырылган жай туурасында суроо берилгенде, жообун тапкандар ошол жайга барып, жашырылган кодун табууга тийиш. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек, аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-декабрындагы № 322-т тескемеси менен бекитилген 2021-2025-жылдарга иш-чаралар планын ишке ашыруунун биринчи этабы катары 2020-2030-жылдарга жаштар саясатынын концепциясынын алкагында өткөрүлдү.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro