СТУДЕНТТЕР БИЛИМ ТАЙМАШЫНДА » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СТУДЕНТТЕР БИЛИМ ТАЙМАШЫНДА
26 сентябрь 2024
30

СТУДЕНТТЕР БИЛИМ ТАЙМАШЫНДА

СТУДЕНТТЕР БИЛИМ ТАЙМАШЫНДА
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде факультеттер аралык “Билимдүү жаштар” аталышында акыл ордо интеллектуалдык таймашы өттү.
Иш чара студенттердин интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, жаштарды китеп окууга чакыруу жана достукту бекемдөө максатында уюштурулуп, мында 6 факультеттен жана колледжден суурулуп чыккан 7 команда ат салышты.
Билим көрөңгөсү бай, чыныгы интеллектуалдарды аныктоого багытталган бул сынак жалпысынан 5 бөлүктөн туруп, мында катышуучулар кыргыз тили жана адабияты, кыргыз мульти-кинолору, логикалык жана аралаш суроолор, Кыргызстан тарыхы категорияларындагы суроолорго жооп издеп, өз дараметтерин сынашты.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 3-орунду гуманитардык факультетинин “Антанта” командасы, 2-орунду математика жана компьютердик технологиялар факультетинин “Алгоритм” командасы, 1-орунду табият таануу жана география факультетинин “Флора” командасы багындырды. Жеңүүчү деп табылган командалар уюштуруу тобу тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Белгилей кетсек аталган иш чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 2024-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрга чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro