СТУДЕНТТЕР ЭНКАУНТЕР ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫНДА » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СТУДЕНТТЕР ЭНКАУНТЕР ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫНДА
3 декабрь 2024
0

СТУДЕНТТЕР ЭНКАУНТЕР ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫНДА

СТУДЕНТТЕР ЭНКАУНТЕР ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ТАЙМАШЫНДА
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде факультеттер аралык Энкаунтер (Encounter) интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.
Иш чарага ар бир факультеттин 1-курстарынан тандалып алынган шамдагай, ыкчам, тапкыч, интеллекти жогору студенттер катышты. Мында жобого ылайык 5 адамдан турган 6 команда кызуу оюн курушту.
Оюндун жүрүшү окуу жайдын спорттук аянтчасында уюштурулуп, алгач адистер оюндун шарты боюнча жалпы катышуучуларга түшүнүк беришти. Аталган интеллектуалдык оюндун шартына ылайык уюштуруучулар тарабынан окуу жайдын ар кайсы жерине код жашырылган. Ал эми командаларга код жашырылган жай туурасында суроо берилгенде, жообун тапкандар ошол жайга барып, жашырылган кодун табууга тийиш. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга уюштуруу тобу тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек саамалык Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 9-декабрындагы № 322-т тескемеси менен бекитилген 2021-2025-жылдарга иш-чаралар планын ишке ашыруунун биринчи этабы катары 2020-2030-жылдарга жаштар саясатынын концепциясынын алкагында 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата окуу жайдын жаштар комитети тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro