4 декабрь 2024
92
ЖАТАКАНА ЖАШТАРЫ БИЛИМ ТАЙМАШЫНДА
ЖАТАКАНА ЖАШТАРЫ БИЛИМ ТАЙМАШЫНДА
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 4-декабрь-“Манас” эпосунун күнүнө карата жатаканада жашаган студенттер үчүн акыл таймаш өткөрүлдү.
Мында жобого ылайык ар бир кабаттын студенттеринен түзүлгөн командалар өз билимдерин сыноо менен кызуу оюн курушту. Акыл таймаш жаш студенттердин билимге болгон ынтызарлыгын күчөтүү, ой-өрүшүн, дүйнө таанымын кеңейтүү, жана кыргыз тилди, адабиятты, анын ичинде “Манас” эпосун жайылтуу жана даңазалоо максатын көздөйт.