Китепкөй жаштар – келечек лидерлери: ОшМПУда дебаттык турнир өттү » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Китепкөй жаштар – келечек лидерлери: ОшМПУда дебаттык турнир өттү
29 апрель 2025
18

Китепкөй жаштар – келечек лидерлери: ОшМПУда дебаттык турнир өттү

Китепкөй жаштар – келечек лидерлери: ОшМПУда дебаттык турнир өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Китепкөй жаштар – келечек лидерлери” аттуу ЖОЖдор ортосунда дебаттык турнир өткөрүлдү.
Жогорку окуу жайлар аралык бул иш-чара жаштардын китеп окуу маданиятын өнүктүрүү, өз ара ынтымакты бекемдөө жана жарандык позициясын билдирүү жөндөмүн жогорулатуу максатын көздөп, ага 20дан ашык команда катышты. Британия жана Америка парламенттик форматында өткөрүлгөн үч баскычтуу турнирде жалпы тогуз резолюция талкууланып, натыйжада мыкты командалар аныкталды.
Жыйынтыгында: 1-орунду “Оld’ы” командасы, 2-орунду “Самрук” командасы, ал эми 3-орунду “Лидер” командасы ээледи. Ошондой эле “Мыкты оратор”, “Мыкты оппозиция башчысы”, “Мыкты өкмөт башчысы” номинациялары тапшырылып, жеңүүчүлөр кубок, Ардак грамота жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.
Белгилей кетсек аталган саамалык КР Президентинин №369 кабыл алынган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында окуу жайдын 100 жылдык мааракесине арналып, ошондой эле 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата окуу жайдын жаштар комитети тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro