КЫРГЫЗ ТИЛИНИН 5 КЕРЕМЕТИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » КЫРГЫЗ ТИЛИНИН 5 КЕРЕМЕТИ
5 октябрь 2022
281

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН 5 КЕРЕМЕТИ

ОшМПУда мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата бир айлык өтүп жатат
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата белгиленген бир айлыктын алкагында бардык студенттер үчүн айлампа иретинде " КЫРГЫЗ ТИЛИНИН 5 КЕРЕМЕТИ" аттуу семинар өткөрүлдү
Семинар окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору тарабынан санариптик форматта ар бир факультеттке жана колледжге өз-өзүнчө уюштурулду.
Аталган саамалык жаштардын жан дүйнөсүн руханий жактан толтурууга багытталып, алардын тилибизге, улуттук маданиятыбызга карата көз карашын туура нукка багыттап, келечек муундун китепкөй , адеп-ахлактуу, мекенчил жана мугалимдик улуу кесиптин мыктысы болууга үндөп, аны менен биргеликте маалыматтык чөйрөдө сабаттуу жаштардын катарында турууга, социалдык тармактарда одоно каталарга жол бербөөгө, кыргыз тилинин аруулугун, тазалыгын, нукура табиятын жана тилдик нормаларын сактоого чакырык жасалды. Мындан тышкары адистиктерге багытталган мезгилдин талабына шайкеш келген түрдүү инновациялык жана технологиялык сабактарды түзүүнүн ыкмалары тууралуу маалыматтар берилди.
Белгилей кетсек кыргыз тилинин мамлекеттик тил макам алганынын 33 жылдыгына карата ОшМПУда 15-сентябрдан 15-октябрга чейин бир айлык жарыяланган. Анын алкагында жетекчилик тарабынан атайын иш план бекитилип, учурда этабы менен иштер аткарылып жатат. Буга чейин факультеттерде ачык табиялык саат, улуттук көргөзмө, сынак, конок лекция, семинар сыяктуу түрдүү иш чаралар уюштурулду. Кийинки жумада бир айлыктын расмий түрдө жыйынтыктоо кечеси уюштурулуп, саамалыкка активдүү катышкан факультеттер, студенттер жана окутуучуларга сыйлыктар ыйгарылмакчы.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro