4 октябрь 2022
746
АГАРТУУЧУ МАМБЕТАСАН ИБРАЕВ ОшМПУда КОНОКТО
АГАРТУУЧУ МАМБЕТАСАН ИБРАЕВ ОшМПУда КОНОКТО
Бүгүн, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери белгилүү аалым, агартуучу Мамбетасан Ибраев менен жолугушуп, өзгөчө семинарга күбө болушту.
Жолугушуу окуу жайдын чоң жыйындар залында уюштурулуп, аны университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берди. Семинар студенттердин интеллектуалдык дараметин, дүйнө таанымын, китепке болгон мамилесин, билимге сүйүүсүн арттыруу, жогорулатуу таризинде коштолду.
Семинардын жүрүшүндө тренер өзүнүн билимин, турмуштук тажрыйбаларын жана дүйнөлүк деңгээлге ортоктош болгон ойлорун, идеяларын кеп кылып, азыркы муундун аксаган сапаттарын белгилеп, алдыга умтулууга, көп окуп, билимдүү жаштардын коомун түзүүгө чакырды.
Жаштардын кыялдарын курчутуп, бийик-бийик ийгиликтердин ээси болууга үндөдү. Бул менен бирге учурда ар бири окуусу зарыл болгон дүйнөлүк китептер менен тааныштырды.
Соңунда катышуучулар бир канча суроолорду узатып, жооп алышып, мыкты мотивациялык семинар үчүн конокко ыраазычылык билдиришти.