ОшМПУда МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
7 октябрь 2022
433

ОшМПУда МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ОшМПУда МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
7-октябрь күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин профессордук-окутуучулар жамааты жана кызматкерлери кесиптик майрамын жогорку маанайда белгилешти.
Иш чара окуу жайдын чоң жыйындар залында уюштурулуп, окутуучуларды шыктандырган бул күн өзгөчө көз ирмемдерди өзүнө камтыды. Салтанатта университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип жаткан окутуучуларга министрликтин, мэриянын, облустун жана кесиптик бирликтин жогорку сыйлыктарын тапшырды.
Бул менен бирге окуу жайдын өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуп, жаштарга татыктуу тарбия берүү менен ийгиликтерди жаратып келе жаткан кесипкөй окутуучулар университет тарабынан Ардак грамота, алкыш баракча жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Ардактуу кесип ээлерин сыйлоо аземинен соң, майрамдык кече андан ары уланып, Музыкалык-педагогикалык факультетинин чыгармачылык тобу тарабынан жагымдуу чыгармалар тартууланды.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro