Математика жана компьютердик технологиялар факультети » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Математика жана компьютердик технологиялар факультети
24 октябрь 2022
957

Математика жана компьютердик технологиялар факультети

  

 

Факультеттин девизи: - «Татыктуу тарбия, терең жана бекем билим берүү»

 

Математика жана компьютердик технологиялар факультеттинин тарыхы

Ош жогорку колледжи 1999–жылы «Биология» адистигине лицензия алып, «Педагогика» факультетинин курамында 42  студент кабыл алынган. Ал мезгилде «Педагогика» факультети аталып,  факультетти п.и.к. доц. С.М. Мадраимов жетектеген.

2001–жылы Ош жогорку колледжинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен 27.4-токтомунун негизинде «Педагогика» факультети «Табият таануу - педагогика» факультети болуп кайрадан аталган.

2003-2004 окуу жылында  «Табият таануу - педагогика» факультетинде Математика адистиги ачылып, студенттер кабыл алынган.

2004 – жылы 30-августа ректораттын №70-20.110-буйругунун негизинде факультеттен «Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу» адистиги бөлүнүп, «Табият таануу-математика» факультети болуп түзүлгөн.

2005-2006-окуу жылында “Информатика жана эсептөө техникасы” кафедрасы Менеджмент факультетинен бөлүнүп, факультетке кошулду. Ушул эле жылы “Информатика” адистиги ачылып,  25 студент кабыл алынды.

Факультетте «биология», «математика», «информатика», «химия» адистиктери даярдалган.

Факультетти 2004 – 2005 – окуу жылында г.и.к., доцент А.Б.Топчубаев  жетектеген.

2006 – 2017-жылдары п.и.к., профессор С.М.Мадраимов  факультеттин деканы болуп иштеген.

2016-жылы факультетке “Билим берүү менеджменти жана туризм” факультети жоюлгандыгына байланыштуу факультетке “Билим берүү менеджменти жана экономика” кафедрасы кошулду.

2017-жылдын март айынан баштап 2019-жылдын ноябрь айына чейин факультеттин деканынын милдетин аткаруучу болуп магистр, ага окутуучу А.Н. Джумабаева иштеген.

2017-2018-окуу жылында факультетте “Колдонмо математика жана информатика” адистиги ачылып,  35 студент кабыл алынды.

Математика жана компьютердик технологиялар факультетинде 2 илимдин докторлору, профессорлор; 10 илимдин кандидаттары, доценттер; 9 улук окутуучу жана 7 окутуучу эмгектенсе, 8 жардамчы кызматкерлер окуу лабораторияларын жана кабинеттеринин окуу процессинин толук кандуу иштешине өбөлгө түзүү менен студенттердин теориялык алган билимдерин практикада бышыкташына ыңгайлуу шарттарды түзүп беришет.

Факультет кыска убакыт ичинде зор өнүгүүлөргө жана ийгиликтерге жетишти. Атап айтсак окуу процесси кредит технология системасына өттү, окуу корпусуна видео байкоо камералары орнотулду, AVN программасы менен толук кандуу иштей баштады жана компьютердик борборлор заманбап технологиялар менен жабдылды.

2019-жылдын ноябрь айынан баштап п,и,к,доцент К.Т.Турдубаева факультеттин деканы болуп иштеп келүүдө,  факультеттин окуу иштери боюнча декандын оорун басары Джумабаева А.Н. Факультеттин окуу иштери боюнча инспектору Эргешбай кызы Аселкан  иш алып барышууда.

 

Факультеттин максаты: Билим берүү стандартына ылайык Кыргыз Республикасынын элет жергесиндеги мектептерге терең билимдүү информатика, математика жана билим берүү менеджменти адистиктерин даярдайт, ошондой эле билим берүү тармагындагы проблемаларды изилдөөчү жана окутуунун жаңы технологияларын жайылтуучу  компетенттүү жогорку жана орто кадрлар менен камсыз кылат.

 

Азыркы учурдагы факультеттеги кафедралар:

  • Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы кафедрасы
  • Математика жана менеджмент кафедрасы

Факультетте даярдалуучу адистиктер:

  • 550200 Физика-математикалык билим берүү багыты “Математика” профили;
  • 550200 Физика-математикалык билим берүү багыты “Информатика” профили;

 

Окуу мөөнөтү:  Күндүзгү окуу бөлүмүндө – 4 жыл, дисттанттык технология менен сырттан окуу бөлүмүндө -5 жыл.

Бакалавриатты аяктаганда “БАКАЛАВР” академиялык даражасы ыйгарылат. Факультеттин бардык багыттарына кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты менен жүргүзүлөт.

 

Магистратура

  • 550200 Физика-математикалык билим берүү багыты “Математика” профили;
  • 550200 Физика-математикалык билим берүү багыты “Информатика” профили;

 

Окуу мөөнөтү:  Күндүзгү окуу бөлүмүндө – 2 жыл, (дисттанттык технологияны колдонуу менен)

Магистратураны аяктаганда “МАГИСТР” академиялык даражасы ыйгарылат.

2021-2022-окуу жылынан магистратурага кабыл алуу башталган. Математика адистигине 13 магистр, информатика адистигине 18 магистр кабыл алынган..

 

550200  «Математика» адистиги

Билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча Мамлекеттик инспекциянын чечими (протокол № 4-3-29.03.2004.) менен окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук алган. №288 лицензияга №4 тиркеме, каттоо номери 1-080.

Азыркы мезгилде бул адистикте күндүзгү бөлүмдө 87, сырттан окуу бөлүмүндө 200 студент билим алууда.

Студенттерди окутууда «Математика жана менеджмент» кафедрасынын 13 окутуучусу үзүрлүү иштеп келүүдө. Алардын ичинен п.и.к., профессор С.М.Мадраимов, ф-м.и.д. Сатаров Ж., ф-м.и.д. Таиров М. М. п.и.к., доцент Байышова Г. Ж., п.и.к. Исакова В. Т. билим берүүдө.

 

550200 «Информатика» адистиги

Билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча Мамлекеттик инспекциянын чечими (протокол № 3-1- 05.04.2005.) менен окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук алган. №288 лицензияга №6 тиркеме, каттоо номери 1-211.

Азыркы мезгилде бул адистикте күндүзгү бөлүмдө 83, сырттан окуу бөлүмүндө 370 студент билим алууда.

Студенттерди окутууда «Информатика жана жаңы маалыматтар технологиясы» кафедрасынын 11 окутуучусу үзүрлүү иштеп келүүдө. Алардын ичинен п.и.к., доцент  Турдубаева К. Т., п.и.к., доцент Арынбаев Э. К., ф-м.и.к. доцент Осмоналиев А. Б.  билим берүүдө.

 

 Факультеттин жетекчилери

 

Кызматы

Аты-жөнү

Телефон

Электрондук почта

Декан

Турдубаева  Кандалаткан  Ташполотовна

996 558 345 456

Kturdubaeva@gmail.com

Декандын окуу иштери боюнча орун басары

Джумабаева  Акылай Нооманжоновна

996 555 038 882

Djumabaeba@mail.ru

Декандын илимий иштери боюнча орун басары

Жусупбек кызы Жыргал

996 704 260 500

Zhyrgal1977@gmail.com

Декандын тарбия иштери боюнча орун басары

Акпаралиева Батма Арымовна

996 771 513 939

batma.akparaliyeva@bk.ru

Математика жана менеджмент каферасынын жетекчиси

Исакова Венера Токтосуновна

996 773 549 477

Isakova.v73@gmail.com

Информатика жана жаңы маалыматтар технологиялар кафедрасынын жетекчиси

Бердибекова Кулийпа Турдибековна

996 772 686 974

Kulipa1968@mail.ru

 

 

 

 

Сүрөттөр баяны

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro