«МУРАС» телестудиясынын УСТАВЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
1 октябрь 2022
323

«МУРАС» телестудиясынын УСТАВЫ

 Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин «МУРАС» телестудиясынын

УСТАВЫ

  1. Жалпы жоболор
    • Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин «Мурас» телестудиясы окуу жайда болуп жаткан жаңылыктарды жана маалыматтарды жалпыга жайылтууну ишке ашырат.

 Телестудиянын негиздөөчүсү болуп Ош мамлекеттик педагогикалык университети болуп саналат. Телестудия юридикалык жак өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект эмес.

 Сотто доогер жана жоопкер катары чыккан уюштуруучу телестудиянын иш аракетинен келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартат.

  • Телестудиянын расмий толук аталышы:

мамлекеттик тилде: Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин “Мурас” телестудиясы

расмий тилде: Телестудия “Мурас” Ошского государственного педагогического университета

Телестудиянын кыскартылган аты:

мамлекеттик тилде: ОшМПУ МурасТС

расмий тилде: МурасТС ОшГПУ

  • Телестудиянын жайгашкан жери: 723500 Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Н.Исанов  көчөсү 73
  • Өз функциясын аткарууда телстудия төмөнкү принциптерди бекем жолдойт: калыстык, объективдүүлүк, чынчылдык, ачыктык, өнөнтөштүк, натыйжалуулук.

2.Телестудиянын максаттары, милдеттери жана ишинин өзөгү

2.1 Телестудиянын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

-телестудия  ушул уставда аныкталган иш чараларды Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жана башка окуу жайда өткөрүлгөн иш чараларды чагылдыруу башкы максаты;

-студенттерди жана жаштарды илим изилдөө, маданий жана спорттук чөйрөгө аралаштыруу;

-ар кандай массалык маалымат каражаттары менен кызматташуу жүргүзүп, университетти медиа жана маалымат айдыңында таанытуу;

2.2 Телестудиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

-коопсуздукту, маалыматтык коопсуздукту окуу жайдын бүтүндүгүн сактоо жана аны коомчулукка таанытуу максатында маалымат саясатын жүргүзүү;

-университеттин кызматкерлери жана студенттеринин укуктарын сактоо жана урматтоо максатында журналистиканын белгилүү стандарттарын камсыз кылуу;

-Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин эл аралык байланыштарын чыңдоого жана кадыр-баркын өстүрүүгө көмөк көрсөтүү;

2.3 Телестудия өз максатына жетүү үчүн:

-республиканын, шаардын аймагында телеберүүлөрдү жана маалымат жайылтууну жүзөгө ашырат;

-телестудиянын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө багытталган зарыл иш чараларды жүргүзөт;

-мамлекеттик жана менчик телеканалдар менен кызматташтыкты өнүктүрөт жана өз ара пайдалуу шарттарда алар менен чыгармачылык, техникалык жана башка келишимдерди түзөт;

  1. Телестудиянын укуктары жана милдеттери

3.1 Телестудия төмөнкүлөргө укутуу:

-редакциялык кеңештин уставын бекитүүгө;

-редакциялык уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алууга;

-ушул устав каралган учурларда жана тартипте телестудиянын көрсөтүүсүн токтотууга же токтотуп турууга;

-телестудия окуу жайда болуп жаткан кабарларды сайттарга, телеберүүлөргө чыгарууга;

-мамлекеттик расмий сайттар менен келишим түзүп, даяр материалдарды жөнөтүүгө;

-телестудиянын берүүсүнүн тилин, тематикасын жана адистигин, жыштыгын жана көлөмүн, аймагын аныктоого;

-телестудиянын предметин жана адистигин, тилин, анын аталышын, телестудияны көрсөтүүнүн формасын же аймагын белгиленген тартипте өзгөртүүгө;

-өз атынан билдирүүлөрдү жана материалдарды акысыз жана ал белгиленген мөөнөттө жайгаштырууга (уюштуруучунун арызы)

-телестудиянын ишинин мыйзамдарын, ушул уставдын жана уюштуруучунун башка документтеринин жоболоруна ылайык келишин контролдоо;

-техникалык каражаттардын жана ободогу байланыш каражаттарынын ишинин сапатын контролдоого;

-телестудияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка укуктарды жүргүзүүгө.

3.2 Телестудия төмөнкүлөргө милдетүү:

-ушул уставдын жоболорун сактоого;

-телестудия Кыргыз республикасынын мыйзамынын талаптарын эске алуу менен маалыматтарды таркатууда автордук жана аралаш укуктарды сактоого;

-телестудиянын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө багытталган зарыл иш чараларды жүргүзүүгө;

-телерадиоберүү жаатында өлкөбүздөгү башка телеуюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө;

-телестудиянын кесиптик жана чыгармачылык көз карандысыздыгын камсыз кылууда, редакциялык кеңештин журналисттеринин жана оператор-монтажерлорунун коомдук милдетти аткарган адам катары кесиптик кызыкчылыктарын коргоого;

-жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана ушул уставда түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, телестудиянын ишине кийлигишпөөгө;

- телестудия өзүнүн укуктарын жана милдеттерин редакциялык кеңештин макулдугу менен үчүнчү жактарга өткөрүп бере алат.

  1. Телестудиянын иш аракетин башкаруу тартиби

4.1 телестудияга башкы директор башчылык кылат, ал Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору тарабынан дайындалат жана бошотулат.

-директор өз ишинде Кыргыз республикасынын мыйзамдарын, ушул уставды жана уюштуруучунун башка жергиликтүү ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат;

-директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүнө коюлган талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;

-директор өзүнүн компетенциясынын чегинде командалык биримдик принцибинин негизинде редакцияны жетектейт жана ушул уставда редакцияга берилгендерден тышкары, редакциянын ишинин бардык маселелерин  өз алдынча чечет.

-директор:- уюштуруучу, жарандар жана алардын бирикмелери, уюмдары менен болгон мамилелерде телестудиянын кызыкчылыктарын коргойт;

-редакциялык кеңештин ишин уюштурат, телестудиянын кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, кызматтык нускамаларды иштеп чыгат;

-редакция кызматкерлеринин функцияларын аныктайт. Телестудиянын ар бир чыгарылышын бекитет.

-күн тартибин башкы редактор аныктайт. Редакциянын мүчөлөрү күн тартибине кошумча маселелерди киргизүүнү талап кылууга укуктуу;

4.2 редакциялык кеңешке жетекчилиги уюштуруучунун башкаруу органдары жана башкы редактору өздөрүнүн компетенциясынын чегинде ишке ашырышат.

4.3 уюштуруучу ушул уставда, уюштуруучунун башка жергиликтүү ченемдик укуктук актыларында белгиленген компетенциясынын чегинде редакциянын ишинин төмөнкүдөй маселелерин чечет:

-редакциянын ишинин негизги багытарын аныктайт;

-жарнак жайгаштыруу боюнча чечимдерди кабыл алат;

-редакторду бекитет жана кызматтан бошотот, аны менен эмгек жана башка келишимдерди түзөт;

-редакциялык кеңештин ишин жана редакцияга бөлүнгөн каражаттардын жана мүлктүн пайдаланышы жөнүндө башкы редактордун жылдык отчётторун бекитет;

-уюштуруучунун уставына жана башка жергиликтүү ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

5.Телестудиянын журналисттик коллективинин ыйгарым укуктары

5.1. Журналисттик жамаат уюштуруучу менен түзүлгөн эмгек келишимдин негизинде телеканал үчүн монтаждоону(адабий, илимий, көркөм, техникалык) даярдоону жүзөгө ашырган адамдардан турат.

5.2. Журналисттик жамаа редаакциялык пландарды түзүүгө жана даярдоого катышат, редакциянын иш чараларына катышат, телестудиянын сапатын жакшыртуу боюнча редакциянын жетекчилигине сунуштарды киргизет.

Журналисттик жамаат редакциянын уставын кабыл алат, ал уюштуруучу тарабынан бекитилет.

5.3. Журналисттик коллектив өз укуктарын журналисттик коллективдин  чогулушунда ишке ашырат.

Журналисттик коллективдин мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса чогулуш укуктуу болуп саналат. Чечимдер чогулушка катышкан  журналисттик коллективдтин мүчөлөрүнүн ькөпчүлүк добушуь менен кабыл алынат.

5.4. Журналисттик топтун жыйналышы өз курамынан жыйналышты алып баруучу төраганыф жана жыйналыштын протоколун түзүүчү катчыны шайлайт.

Журналисттик коллективдин ар бир чогулушунда протокол жүргүзүлөт. Журналисттик коллективдин чогулушунун бардык чечимдери протокол менен таризделет. Протоколго төрагалык ылуучу жана катчы кол коюшат.

5.5. Журналисттик коллективдин чогулушу ушул уставга ылайык анын компетенциясына кирбеген маселелерди талкуулоого жана чечим кабыл алууга укукссуз.

  1. Телестудияны токтотуу. Токтотунун тартиби жана негиздери

6.1. Телестудияны чыгаруу уюштуруучунун чечими боюнча же болбосо Кыргыз Республикасынын Басма сөз органынын доо арызы боюнча жарандык соттук чечими боюнча гана токтотулушу мүмкүн.

6.2.  Уюштуручу телестудияны чыгарууну, чыгарууну жана таратууну токтотууга укуктуу, эгерде:

-уюштуруучу телестудияны чыгарууну жана чыгарууну каржылоо мүмкүнчүлүгүн жоготсо;

-телестудияны чыгаруу уюштуруучу тарабынан башка себептер боюнча ылайыксыз деп табылса;

-уюштуруучу жоюлса;

-редакция эскертүү алгандан кийин жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамдардын, журналисттик этиканын ченемдерин же ушул уставдын талаптарын кайрадан бузган болсо;

6.3. Уюштуруучу телеканалды чыгарууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, уюштуруучу ушул эле аталыштагы жалпыга маалымдоо каражаттарын чыгарууну кайра баштоого укуктуу.

  1. Аталышты алуу укуктары

7.1. Телестудиянын аталышы уюштуруучуга таандык. Телестудиянын логотиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруучу тарабынан товардык белги катары катталышы мүмкүн.

7.2. Каттоодо билдирилген жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча телестудияны чыгаруу укуктары (аталышы боюнча укук) телестудиянын уюштуруучусу катары уюштуруучуга таандык. Уюштуруучу телестудиянын уюштуруучусу болуп өзгөргөн учурда анын ичинде аны кайра уюштуруучуну жоюунун натыйжасында укук уюштуруучунун укук мураскоруна өтөт.

  1. Редакциянын уставын бекитүүнүн жана өзгөрүүлөрдун тартиби

8.1. Редакциялык кеңештин уставы редакциянын журналисттик жамаатынын жыйналышында кабыл алынат жана уюштруучу тарабынан бекитилет.

8.2. Редакциялык кеңештин уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор уюштуруучу тарабынан өз демилгеси жана редакциялык кеңештин сунушу боюнча киргизилет. Ошол эле редакциянын уставына журналисттик жамааттын укуктарын козгогон өзгөртүүлөр жана толуктоолор алар журналисттик жамааттын жалпы чогулушу тарабынан, ал эми редакциялык кеңештин статусуна тиешелүү болгон редакция тарабынан бекитилүүгө тийиш.

8.3. Телестудиянын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү толуктоолорду киргизүү тартиби.

8.4. Бул уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору тарабынан киргизилет.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro