"Багыт" окуу борборунун жыйынтыгы » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » "Багыт" окуу борборунун жыйынтыгы
14 октябрь 2022
602

"Багыт" окуу борборунун жыйынтыгы

ОШМПУНУН “БАГЫТ” ОКУУ БОРБОРУНДА ДАЯРДАНГАН ОКУУЧУЛАР ЖОГОРКУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТТЕН ТӨМӨНКҮДӨЙ ЖЫЙЫНТЫК КӨРСӨТТҮ
“Багыт” окуу борбору 2021-2022-окуу жылында жалпы 230 окуучуну ЖРТга даярдап, алардын арасынан 86% окуучу босого балдан өттү. Алган упайлардын орточо балы 150 болсо, анын ичинен эң жогорку көрсөткүч 208 упай.
Борбордо даярдалган окуучулар чет өлкөдөгү жана жергиликтүү жогорку окуу жайларда бюджеттик жана контрактык негизде билим алууда. Окуучулардын көпчүлүк бөлүгү IT, медицина, хим-био технолог, педагогикалык багыттагы адистиктер жана юридикалык багыттагы кесиптерди тандаган.
Борбордун адистери бир гана ЖРТга даярдоо менен чектелбей, кесипке багыт берүү, өзүн-өзү өнүктүрүү максатында семинар-тренингдерди жана орус тилин үйрөтүү боюнча кошумча сабактарды да өтүштү. “Багыт” окуу борбору тарабынан чек ара шартында, катаал турмушта, социалдык жактан аз камсыз болгон үй бүлөнүн балдары үчүн атайын 10%, 20%, 30% жеңилдиктер каралып, окуу төлөмүнө арзандатуу берилген. “Багыт” окуу борбору окуучуларды ЖРТда келүүчү негизги темаларга даярдап, кыргыз тили, математика, химия, биолгия, англис тили, орус тили жана тарых сабактарын интенсив жана үч күндүк программанын алкагында өттү. Белгилей кетсек үч күндүк программанын негизинде түштүк аймагындагы бир канча мектептерде окуучуларды ЖРТга даярдоого жетишти.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro