ОшМПУда АСПИРАНТУРАГА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда АСПИРАНТУРАГА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ
31 октябрь 2022
947

ОшМПУда АСПИРАНТУРАГА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

Ош мамлекеттик педагогикалык университети  2022-2023-окуу жылы үчүн  аспирантурага кабыл алууну жарыялайт

 

   Аспирантурага өндүрүштөн ажыратып   (күндүзгү),  өндүрүштөн ажыратбай (сырттан)  бюджеттик жана келишимдик негизде   төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алуу жүргүзүлөт:

 

  • 00.01 – “Жалпы педагогика, педагогиканын  жана билим берүүнүн тарыхы”;
  • 00.02 – “Окутуу жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (билимдин тармактары  жана деңгээли  боюнча)”;
  • 02.14 - “Биологиялык ресурстар”;
  • 02.01 – “Ботаника”;
  • 02.04 – “Зоология”;
  • 01.01 – “Кыргыз адабияты”;
  • 02.01 – “Кыргыз тили”;
  • 00.03 – “Органикалык химия”
  • 02.00.01 –“Органикалык эмес химия”
  • 00.14 –“Социалдык түзүлүш, социалдык институттар жана процесстер”.

 

Документтерди  кабыл  алуу  2022-жылдын  1-ноябрдан  30-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

Аспирантурага тапшыруу үчүн документтердин тизмеси:

  • Инсандын жарандыгын тастыктоочу документ – паспорт жана анын көчүрмөсү;
  • Ош МПУнун ректорунун  атына, тандаган багытын көрсөтүү менен жазылган  арызы; 
  • Жогорку кесиптик билими тууралуу адистин же магистрдин  дипломунун  нотариустан  күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • Кадрлардын эсеби  боюнча  өздүк  баракча  (личный листок),  4×6 өлчөмүндөгү фотосүрөтү  менен  (1 даана);  3х4 өлчөмүндөгү   фотосүрөт  (2 даана);
  • Эмгек китепчесинин  (трудовая книжка)  көчүрмөсү;
  • Жарыяланган илимий  эмгектеринин, ойлоп табууларынын (болгон учурда)   тизмеси;  
  • Илимий жетекчинин аспирантка жетекчилик кылууга макулдугу;
  • Аспирантурага иштеген жеринен мүнөздөмө-сунуш, факультеттин  жана кафедранын  протоколунан  көчүрмө.
  • Иштеген жеринен маалым кат (справка)

     Аспирантурага  төмөнкү предметтер  боюнча кирүү сынактарын тапшырышат:

  • адис же магистр үчүн колдонулуудагы программанын көлөмүндө атайын (адистик) предметтен;
  • ЖОЖ же илимий уюм тарабынан аныкталган чет тили (англис тили);
  • тарых жана илимдер философиясы;
  • кыргыз тили.

Кошумча маалымат алуу үчүн Ош МПУнун  аспирантура жана магистратура бөлүмүнө  кайрылыныздар, 111-кана

Тел.: +996 3222 -4-35-67, (факс) 43567.

Моб. тел.: 0777 53 94 79, 0771 08 99 52

E-mail: sagynbaykyzy@mail.ru

Сайт:  www.ogpi.kg

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro