ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ
15 ноябрь 2022
354

ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ

ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК СЫНАКТА СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев Казакстанда өткөн конкурста байгелүү орундарга ээ болгон окуу жайдын 5 студентин куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.
10-ноябрь күнү Алматы шаарында Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети менен Педагогика жана психология институту тарабынан “Менин кесибим мугалим” деген темада 7-Эл аралык ЭССЕ конкурсу уюштурулган. Сынакка жалпы 60тан ашуун студент катышып, катарында ОшМПУнун 1-курсунун 5 студенти эссе жазуу менен 2-3-орундарды багындырышты. Мында Айзадабегим Абдылда кызы жана Нуриза Галдыбай кызы 2-орунга ээ болушса, Нурзаада Жусупова, Муштари Маткасымова, Нурай Мисирова 3-орунду камсыздашкан.
Иш чара студенттердин педагогикалык билимин жайылтуу, кесиптик жөндөмдүүлүгүн жана даярдоо сапатын аныктоо, алардын талантын, педагогикалык жана чыгармачылык потенциалын ачуу максатында уюштурулуп, мында дилбаяндар казак, орус, англис тилдеринде гана кабыл алынган.
Белгилей кетсек, жобого ылайык сынакка «Башталгыч билим берүү», «Мектепке чейинки билим берүү», «Атайын педагогика», «Педагогика жана психология» адистиктеринин 1-курсунун студенттери гана катышкан.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro