ОшМПУда БАЛА БАКЧА ТАРБИЯЧЫЛАРЫ ӨЗ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда БАЛА БАКЧА ТАРБИЯЧЫЛАРЫ ӨЗ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ
15 ноябрь 2022
356

ОшМПУда БАЛА БАКЧА ТАРБИЯЧЫЛАРЫ ӨЗ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

ОшМПУда БАЛА БАКЧА ТАРБИЯЧЫЛАРЫ ӨЗ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде тарбиячы мугалимдер 12 күндүк окуу курсунан өтүштү.
Ага ылайык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча 31-октябрдан 12-ноябрга чейин окуу жайдын Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу бөлүмү тарабынан окуу курсу уюштурулду.
Мында университеттин окутуучулары атайын программанын негизинде кезектешип, түрдүү темада өз семинарларын өтүп, мугалимдерге педагогикалык чеберчилигин байытуу максатында балдар менен иштөөдөгү инновациялык усулдарды, көрсөтмөлүү, заманбап сабактарды өтүп беришти.
Бул менен бирге ата-энелер менен иштешүү эрежелерин, балдардын ой-чабытын, дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн көргөзмөлөрдү, бурчтарды уюштуруу жана ар кандай көрсөтмө куралдарды жасоо ыкмаларын үйрөтүштү.
Бала бакчанын жана балдардын талаптарына ылайык ар бир мугалим өз билимдерин кеңейтүүгө, кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн арттырууга чоң мүмкүнчүлүк жаралып жатканын эске алуу менен сабактарга жогорку активдүүлүк менен катышышты.
Соңунда уюштуруу тобу тарабынан ар бир катышуучуга 72 сааттык окуу курсунан өткөндүгү тууралуу сертификат тапшырылды.
Поделиться
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro