КУТТУКТАЙБЫЗ! » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » КУТТУКТАЙБЫЗ!
18 январь 2023
288

КУТТУКТАЙБЫЗ!

КУТТУКТАЙБЫЗ!
ОшМПУнун АДИСИ РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ
Бүгүн Борбор калаада мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын жыйынтыгы чыгып, мында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башкы адиси Бектур Исамидин уулу сыйлыкка ээ болду.
Иш чарага КР Жогорку Кеңешинин, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын, КР Билим берүү жана илим министрилигин, коомдук уюмдардын, ЖОЖдордун өкүлдөрү жана билим берүүнүн бардык баскычтарынынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышышты.
Саамалыктын жүрүшүндө айлыктын алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында өткөрүлгөн “Мыкты баяндамачы”, “Көп тилдүү мугалим”, “Заманбап санарип колдонмо”, “Инновациялык усулдар” аттуу иш чараларга активдүү катышкан мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды.
Ага ылайык сынакта кыргыз тилин окутууда заманбап технологияларды, инновациялык усулдарды жана санариптик сабактарды даярдоонун үлгүлөрүн көрсөтүп, активдүү катышкан Бектур Исамидин уулу “Заманбап санарип колдонмо” сыйлыгына ээ болду.
Ошондой эле кыргыз тилин өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган ардагер мугалимдерге “Мыкты насаатчы” наамдары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Иш чараны улай жалпы катышуучуларды сыйлоо аземинен соң, спектакль жана тарых музейине саякаттар уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro