“БАГЫТ” ОКУУ БОРБОРУ КЫШКЫ ОКУУ КУРСУН УЛАНТУУДА... » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » “БАГЫТ” ОКУУ БОРБОРУ КЫШКЫ ОКУУ КУРСУН УЛАНТУУДА...
25 январь 2023
313

“БАГЫТ” ОКУУ БОРБОРУ КЫШКЫ ОКУУ КУРСУН УЛАНТУУДА...

“БАГЫТ” ОКУУ БОРБОРУ КЫШКЫ ОКУУ КУРСУН УЛАНТУУДА...
Ош мамлекеттик педагогикалык унтверситетинин “Багыт” кайра даярдоо борбору окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча 15 күндүк курсун өттү.
Аталган курста Өзгөн жана Лейлек районунун орто мектептеринен келген 10-11-класстын окуучулары билим алышты. Мында жалпы 26 окуучу негизги тесттин предметтери жана кошумча химия, англис тили предметтеринен тестке даярдык көрүштү.
2 жумалык даярдыктан соң окуучулар сынамык тест тапшырышты. Натыйжада окуучулардын упайлары салыштырмалуу жогорулап, аз убакыт ичинде жакшы жетишкендиктерге ээ болгону маалым болду.
Жыйынтыгында бардык окуучуларга борбор тарабынан сертификаттар тапшырылып, жогорку упай алган окуучулардын ата-энелери ыраазычылык кат менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, учурдагы суук аба-ырайына байланыштуу окуучулар уюштуруу бөлүмү тарабынан жатакана менен камсыздалган. Курстун жүрүшүндө ЖРТга даярдоо, туура кесип тандоого багыт берүү, окуу жайлар менен жакындан тааныштыруу, семинар-тренингдер уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro