ОШМПУ: МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОШМПУ: МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ
25 январь 2023
214

ОШМПУ: МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ

ОШМПУ: МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫ ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде педагогика жана окутуунун методикасы боюнча кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсу өткөрүлдү.
Ага Ош медициналык, Ош аймактык жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин окутуучулары катышып, тажрыйбалуу адистерден өз билимдерин кеңейтишти. Семинар 2-январдан 14-январга чейин уланып, катышуучулар билим берүүнүн алдыңкы усулдары, ыкмалары жана жаңы программалар боюнча кеңири маалыматка ээ боло алышты.
Мында окуу жайдын “Педагогика жана психология” кафедрасынын окутуучулары Жыпаргүл Шербаева жана Мавлюда Ысакова жана “Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу” кафедрасынын окутуучулары Гүлмира Долонова, Гүлзада Сагынбаева, Кайратгүл Кошуева, Тамара Маматеминова, Айнура Абжапаровалар өздөрүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүшүп, мыкты сабактарды өтүп беришти.
Ошондой эле семинардын жүрүшүндө “Жылдын мыкты мугалими – 2021” номинациясынын ээси Ильгиз Шамурзаев заманбап сабактарды уюштуруунун жолдорун көрсөтүп берди.
Белгилей кетсек, аталган иш чара ОшМПУнун мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу бөлүмү тарабынан уюштурулуп, жыйынтыгында окутуучуларга сертификаттар тапшырылды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro