БАГЫТ ОКУУ БОРБОРУ ОКУУЧУЛАРГА ФОРУМ ЖАРЫЯЛАДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » БАГЫТ ОКУУ БОРБОРУ ОКУУЧУЛАРГА ФОРУМ ЖАРЫЯЛАДЫ
23 декабрь 2022
219

БАГЫТ ОКУУ БОРБОРУ ОКУУЧУЛАРГА ФОРУМ ЖАРЫЯЛАДЫ

БАГЫТ ОКУУ БОРБОРУ ОКУУЧУЛАРГА ФОРУМ ЖАРЫЯЛАДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Багыт окуу борбору “Кесибим-келечегим” аталышындагы форум жарыялады.
Саамалык Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы мектеп окуучуларына кесипке багыт берүү жана ЖРТга даярданууга көмөк көрсөтүү өңүтүндө уюштурулууда.
Учурда Араван районунан 59, Кара-Суудан 118, Өзгөн районунан жана шаарынан 161 окууучу 1-турга катышып, сынамык тест жазышты.
Иш чара 3 этаптан туруп, алгачкысы 1-декабрдан 28-февралга чейин ЖРТ боюнча “Сынамык тест тапшыруу” жана “Кесибим келечегим” аталышында эссе жазуу конкурсу райондордо жүргүзүлөт. 2-этапта 2023-жылдын 14-февралында ОшМПУда финалдык интеллектуалдык таймаш өткөрүлөт. Ал эми соңку бөлүк 15-февралда “Кесипке багыт берүү” форуму менен жыйынтыкталат.
Иш чаранын алгачкы этаптарына ар бир мектептин 11-классынан 2ден окуучу катыша алат. Катышуучулар алгач онлайн каттоодон өтүп, форумга жалпы 9-10-11-класстын окуучулары катышууга укуктуу.
Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар коюлган. 1-орунга – ноутбук, 2-орунга 20 000 сом, 3-орунга 10 000сом жана кошумча ЖРТга даярдоо курсуна акысыз жолдомо берилет.
Белгилей кетсек бул форум окуучулардын билим деңгээлин өнүктүрүү, кесип тандоого багыт берүү, ЖРТга даярданууга жакындан көмөк көрсөтүү максатында университеттин Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмү тарабынан уюштурулуп жатат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro