22 декабрь 2022
321
СТУДЕНТТЕРДИН СТАРТАП ДОЛБООРЛОРУ ТАНДАЛДЫ
СТУДЕНТТЕРДИН СТАРТАП ДОЛБООРЛОРУ ТАНДАЛДЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунда студенттер өз долбоорлорун жактап беришти.
Борборго жалпы 20 дан ашуун бизнес-долбоорлор келип түшүп, алардын ичинен бешөө тандалып алынды. Аларга “Stud food”, “Саякат Ош”, “РезинАрт”, “Кофейня Лондон”, “Күтүү залы” сыяктуу студенттик долбоорлор кирет.
Студенттер өз долбоорун комиссия алдында коргошуп, аны ишке ашыруу жолдорун айтып, жалпы маалымат беришти. Ага окуу жайдын илимий техникалык кеңешинин мүчөлөрү Равшан Абсатаров, Рысбек Абылов, Эралы Арынбаев, Нурила Сагынбай кызы жана Эркин Касымбековдор катышып, жалпы долбоорлорго башынан күбө болушуп, кошумча ой-пикирлерин билдиришти.