9 декабрь 2022
225
АДАБИЯТ КҮНҮНДӨ АЙТМАТОВ ЭСКЕРИЛЕТ
АДАБИЯТ КҮНҮНДӨ АЙТМАТОВ ЭСКЕРИЛЕТ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде улуттук адабият күнүн утурлай салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Саамалык Мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата айлыктын алкагында жана Улуттук адабият күнүнө карата уюштурулуп, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө Айтматовдун чыгармаларына саякат жасаган ролик коюлуп, студенттер тарабынан сахналык көрүнүш көрсөтүлүп, чыгармалар аткарылды. Аны улай окуу жайдын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча башкы адиси Бектурали Исамдин уулу "Ашымдан Тоолор кулаганга чейин" аталышында Айтматовдун бардык чыгармаларын талдоого алган кызыктуу баяндама жасады.
Мындан сырткары китепкөй окурмандарга жана өздүк китепканасын байыткан катышуучуларга өзгөчө белектер берилип, лотерея ойнотулду. Соңунда студенттер арасында уюштурулган автордук ыр жана дил баян жазуу конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланып, дипломдор тапшырылды.
“Айтматовдун чыгармаларын бүгүнкү күндө кыргыз эле эмес, дүйнө жүзү издеп, которуп, окуп жатышат. Ошондуктан бүгүнкү жаштар адабиятка кайдыгер карабай анын окурманына айланышыңар абзел. Анткени Айтматов бүгүнкү күндөгү орчундуу көйгөйлөрдү эбак эле көрө билип, аны жазып койгон-,деп билдирди Бекмурза Зулуев”