«КОРКПО, «ТОКТО», «ЖАША» » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » «КОРКПО, «ТОКТО», «ЖАША»
8 декабрь 2022
166

«КОРКПО, «ТОКТО», «ЖАША»

«КОРКПО, «ТОКТО», «ЖАША»
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Зордук-зомбулукту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” деген аталышта жолугушуу болуп өттү.
Иш чара КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жарыяланган «Коркпо, «Токто», «Жаша» деген өнөктүктүн алкагында уюштурулуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тиешелүү мекемелердин адистери, окутуучулар жана студенттер катышты.
Жолугушууда алгач ОшМПУнун ректору, профессор Бекмурза Зулуев жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев сөзгө чыгып, өлкөбүздө жүз берип жаткан зордук-зомбулуктун келип чыгуу себептери, аларды алдын-алууга, жоюуга болгон иш аракеттерге токтолушту. Ошондой эле КРнын ИИМдин алдындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалынын улук окутуучусу, милициянын майору Лилия Хафизова, Эрдем мечитинин баш имам хатиби Мунарбек Акматов, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Зулпукар уулу Чыңгыз, ОшМПУнун “Психо-диагностика” борборунун башчысы Мавлюда Ысакова аталган теманын алкагында өз тармактары боюнча баяндамаларын жасашып, таасирдүү видео-тасмалар көрсөтүлдү.
Иш чара суроо-жооп жана кызуу талкуу менен коштолуп, студенттер бир нече орчундуу пикирлерин ортого салышты. Жыйынтыгында адистер жана жетекчилик ар бир суроого жоопторун беришип, мындан ары да бул сыяктуу өнөктүктөр тынымсыз уюштурулаарын белгилешти.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro