ПРОФЕССОР ТАШТАНБЕК СИЯЕВ ОшМПУда ТРЕНИНГ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ПРОФЕССОР ТАШТАНБЕК СИЯЕВ ОшМПУда ТРЕНИНГ ӨТТҮ
8 декабрь 2022
284

ПРОФЕССОР ТАШТАНБЕК СИЯЕВ ОшМПУда ТРЕНИНГ ӨТТҮ

ПРОФЕССОР ТАШТАНБЕК СИЯЕВ ОшМПУда ТРЕНИНГ ӨТТҮ
6-декабрь күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор Таштанбек Сияев студенттерге семинар өттү.
Тренинг “Ийгилик булагы...Өзүн өзү баамдоо” темасынын алкагында жүрүп, ага жалпы студенттер жана жатакана жаштары активдүү катышты.
Мында студенттердин өзүн тааный билүүсү, өздүк баамдоодогу баскычтары, туура анализ жүргүзүүсү, өзгөчөлүк сапаттарын аныктай билүүсү жөнүндө кеңири маалымат берилди. Ошондой эле тренер адамдагы акыл-эс, сулуулук, мүнөз, өзгөчөлүк, туруктуулук, өзгөрүүчүлүк, өздүк актуалдуулук маселелерине кеңири токтолду.
Соңунда студенттер тарабынан ыраазычылыктар айтылып, суроолор берилип, мыкты суроолорго профессор өз автордук китептерин белек кылды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro