АДАМДЫККА САПАР АЛГАН САБАКТАР УЛАНУУДА » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » АДАМДЫККА САПАР АЛГАН САБАКТАР УЛАНУУДА
5 декабрь 2022
290

АДАМДЫККА САПАР АЛГАН САБАКТАР УЛАНУУДА

АДАМДЫККА САПАР АЛГАН САБАКТАР УЛАНУУДА
Ар жуманын ишемби күндөрү өтүлүүчү "Жаратман чыгармачылык борбору" коомдук бирикмесинин кезектеги сабагы болуп өттү.
Семинардын коногу ЖЧБнын мүчөсү жана ОшМУнун "Билим" лицейинин мугалими Ибрагим Айип уулу болуп, жаштар менен жогорку деңгээлде дидарлашты.
Сабактын темасы мекен жөнүндө болуп, мында улуттук тарбия, тарыхтагы таасын окуялар, жаштардын мекенге болгон сүйүүсү жана мамилеси жөнүндө маалымат берилди.Ошондой эле студенттерди мекендин ыйыктыгын сезип, аны коргой билүүгө, эгемендүүлүктүн кадырына жетүүгө, жоопкерчилик менен мамиле жазсап, мекен үчүн кызмат кылуууга чакырды.
"Мекен , Ата-Журт, киндик кан тамган жер деген бул бизге апа сыяктуу. Анткени апалар, биз кээде туура эмес жумуш жасасак,айрым учурда тилдейт, жакшы иш жасасак алкайт, сыймыктанат. Учурда биздин апабыз бизге капа болууда!"-,деп билдирди Ибрагим Айип уулу.
Соңунда конок студенттерге өз калемине таандык ырларын окуп,аны улай Баткендеги болуп өткөн акыркы окуялар жөнүндө жазган "Ак бугуну" чертпесин комузчулар" чыгармасын көзгө жаш ала окуп, сабакты жыйынтыктады.
Белгилей кетсек, ЖЧБ коомдук бирикмесинин ар бир сабагы жаштарды адамдыкка тарбиялоо менен бирге алардагы жакшы сапаттарды өнүктүрүп, жеке чыгармачылыктарын, руханий дүйнөсүн багынтууга гана багытталат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro