15 апрель 2022
56
ОшМПУда “КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ САЯСАТ” аттуу окуу семинары болуп өттү
ОшМПУда “КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ САЯСАТ” аттуу окуу семинары болуп өттү
2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучулар менен бирге студенттер үчүн окуу семинары болуп өттү.
Семинар-тренинг «Коррупцияга каршы саясат» дисциплинасын окутуунун методикасын талкуулоо жана коррупцияны алдын алуу менен анын санын азайтуу жолдорун айгинелөө максатында уюштурулду.
Мында эксперт-тренелер Тилек Саякбаев жана Эркайым Мамбеталиева тарабынан окутуучуларга коррупция жана аны жоюу тууралуу негизги түшүнүктөр боюнча маалыматтар айтылып, темага байланыштуу бир топ маселелер талкууланды.
Ошондой эле Эркайым Мамбеталиеванын «Коррупциянын алдын алуунун теориясы жана практикасы» окуу китебинин бет ачары болуп, катышуучуларга тааныштырылды.
Иш-чаранын соңунда окуу жайдын китепканасына аталган окуу китебинин кыргыз жана орус тилдериндеги басылмасы тапшырылды.