ОКУТУУЧУЛАР БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДООНУН ЖАҢЫ УСУЛДАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОКУТУУЧУЛАР БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДООНУН ЖАҢЫ УСУЛДАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ
30 ноябрь 2022
161

ОКУТУУЧУЛАР БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДООНУН ЖАҢЫ УСУЛДАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ

ОКУТУУЧУЛАР БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДООНУН ЖАҢЫ УСУЛДАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде кезектеги семинар уюштурулуп, ал "Билим берүүнүн сапатын камсыз кылууда окутуунун натыйжаларынын ролу" деген темада болуп өттү.
Тренингди EdNet Билим берүүнүн сапатын камсыздоо агенттигинин эксперти Нурлан Өмүров өтүп, ага шаардагы мектептердин мугалимдери жана университеттин окутуучулар жамааты жигердүү катышты.
Семинар 3 баскычтан туруп, мында окутуунун натыйжалары жана компотенциялары, баалоонун түрлөрү, жогорку билим берүү системасынын иш жүргүзүү, даярдоо деңгээли, ишмердүүлүктүн багыттары жөнүндө кенен түшүнүктөр айтылды. Бул менен бирге катышуучулар топторго бөлүнүп, түрдүү практикалык тапшырмалар аткарышты.
“Мен үчүн бүгүнкү семинар абдан кызыктуу болду. Анткени семинарга катышкан окутуучулар коллективи жаңы маалыматтарга абдан кызыкдар жана мотивациясы зор экенин байкадым. Окутуунун натыйжасы бул билим берүүнүн сапаты менен тыгыз айкалышкан. Ошондуктан бүгүн окутуунун жаңы усулдары боюнча интерактивдүү методикалык семинарды өттүк.”-, деп билдирди Нурлан Өмүров.
Ал эми катышуучулар 21-кылым үчүн окуу натыйжалары жана көндүмдөрү, ОНго жетүү үчүн окутуунун, баалоонун кандай ыкмаларын колдонуу керектиги жөнүндө толук маалыматтарды алышты. Семинар 09:00дөн 17:00гө чейин уланып, бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Белгилей кетсек иш чара ОшМПУнун Окуу бөлүмү тарабынан уюштурулган.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro