МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ ОшМПУда » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ ОшМПУда
29 ноябрь 2022
218

МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ ОшМПУда

МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ ОшМПУда
Бүгүн КРнын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов иш сапары менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болуп, жамаат менен жолугушту.
Жолугушууда министр алгач билим берүу тармагында аткарылып жаткан иш аракеттерге токтолду. Ошондой эле өкмөт тарабынан педагогикалык багыттагы адистиктердин, мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, анын үстүндө кызуу иштер жүрүп жатканын баса белгиледи. Ошол кадамдардын негизинде бүгүн ОшМПУнун профессордук-окутуучулар курамы менен пикир алмашып, сунуштарын укканы келгенин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан бир нече актуалдуу сунуш-пикирлер айтылып, суроо-жооп менен коштолду.
Белгилей кетсек министр У.Мамбетакуновдун иш сапары Баткен облусуна уланып, андагы билим берүү мекемелери менен танышмакчы.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro