ОКУТУУЧУЛАР КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАРДА » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОКУТУУЧУЛАР КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАРДА
28 январь 2023
210

ОКУТУУЧУЛАР КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАРДА

ОКУТУУЧУЛАР КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАРДА
25-26-январь күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультетинде 72 сааттык семинар болуп өттү.
Иш чара факультеттин окуу-усулдук кеңеши тарабынан уюштурулуп, аны ОшТУнун окутуучусу жана “Санарип мугалим-2022” республикалык сынактын жеңүүчүсү Бегимай Надилбек кызы “Кызыктуу сабак өтүүнүн жаңы ыкмалары” деген темада өтүп берди.
Мында тренер окутуучулук кесиптин улуулугу, жоопкерчилиги жана сабак өтүүдө окуучулар менен иштешүү, аларды сабакка кызыктыруу методдору менен бөлүшүп, айкалышкан теориялык-практикалык билимдерди, ыкмаларды көрсөттү.
Натыйжада катышуучулар 72 сааттык тренингдин сертификатына ээ болуп, аталган семинар бир топ кызыктуу, маңыздуу жана пайдалуу болгонун айтып, тренерге ыраазычылыктарын билдиришти.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro