15 февраль 2023
351
ОшМПУ – Венгриянын ELTE университети менен кызматташат





Маалыматка ылайык бүгүн аталган университеттин жетекчилиги менен ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуевдин жолугушуусу болуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу бир нече пландар талкууланган. Анын натыйжасында эки тараптын жетекчилери билим берүү жаатындагы эл аралык мамилени чыңдоо, тажрыйба алмашуу, студенттерди окууга жөнөтүү багытында кызматтык келишимге кол коюшту.
Белгилей кетсек КРнын Президенти Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Венгер - Кыргыз университеттеринин ректорлорунун эл аралык форуму өткөн. Ага КРнын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун жетектөөсүндө Кыргызстандагы 18 ЖОЖдун ректорлору катышууда.