ОКУТУУЧУЛАР МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ОКУТУУНУН ЖАҢЫ ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОКУТУУЧУЛАР МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ОКУТУУНУН ЖАҢЫ ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ
20 февраль 2023
230

ОКУТУУЧУЛАР МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ОКУТУУНУН ЖАҢЫ ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ

ОКУТУУЧУЛАР МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ОКУТУУНУН ЖАҢЫ ЫКМАЛАРЫН ҮЙРӨНҮШТҮ
16-17-февраль күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультеттинде “ЖОЖдордо кыргыз тилин деңгээлдер боюнча окутуу” деген аталышта семинар болуп өттү. Бул тууралуу кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы Жаннат Джумаева билдирди.
Маалыматка ылайык аталган семинарды И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары ЖОЖдордо мамлекеттик тилди деңгээлдер боюнча окутуу адиси п.и.к.,доцент Назгүл Сегизбаева, п.и.к. доцент Назгүл Абдраевалар өтүшкөн. Эки күндүк семинар - тренингдин жүрүшүндө мамлекеттик тилди колдонуунун деңгээлдери жана аны окутуунун маселелери талкууланып, окутуучулар практика жүзүндө деңгээлдер боюнча машыгышты жана студенттердин тил билүү деңгээлин аныктоо жолдору үйрөнүштү.
Иш чаранын жыйынтыктоо бөлүгүнө ОшМПУнун Окуу иштери боюнча проректору, профессор Каныбек Раимбеков катышып, келген конокторго жамааттын атынан ыраазычылык билдирүү менен аларга окуу жайдын алкыш баракчасын жана атайын белектерин тапшырды. Ошондой эле семинардын жалпы угуучуларына уюштуруу тобу тарабынан сертификат ыйгарылды.
Белгилей кетсек семинар кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын демилгеси менен уюштурулуп, ага Колледждин, Кыргыз-Россия жана Музыкалык-педагогикалык факультеттеринин окутуучулары катышты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro