21 февраль 2023
301
ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН 1 АЙЛЫК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН 1 АЙЛЫК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын жыйынтыктыктоо кечеси болуп өттү.
Иш чараны окуу жайдын ректору, профессор Бекмурза Зулуев ачып берип, катышуучуларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Ошондой эле өз сөзүндө ар бир улут, алгач өз тилин кадырлап, андан соң башка тилдерди үйрөнүп, бардык тилге өзгөчө аярлык менен мамиле кылышы керек деп белгиледи.
Аны улай бир айлыктын алкагында өткөрүлгөн саамалыктардын жеңүүчүлөрүнө, активдүү катышуучуларына диплом, статуэтка жана баалуу сыйлыктарды тапшырды. Бул менен бирге айлыктын жүрүшүнө активдүү катышкан факультеттерге да атайын Алкыш баракчалар ыйгарылды.
Белгилей кетсек окуу жайда 6-февралдан тарта бир айлык жарыяланып, анын алкагында окутуучулар жана студенттер ортосунда түрдүү сынактар уюштурулган. Атап айтсак, окутуучулар арасында онлайн сынак, студенттер ортосунда дил баян жазуу конкурсу, факультеттер аралык “Тапкычтар таймашы” жана интеллектуалдык оюндар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталган.