3 март 2023
359
ОшМПУнун ЖАМААТЫ ТАЗАЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ
ОшМПУнун ЖАМААТЫ ТАЗАЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери Ош шаарында жүрүп жаткан "Биз таза шаар үчүн!" аталышындагы айлыктын алкагында ишембиликке чыгышты.
Мында окуу жайдын айланасы жана университет жайгашкан Ош шаарынын негизги көчөлөрүндө тазалоо иштери жүрүп, арыктар чабылды. Ошондой эле тийиштүү жерлерге жазгы гүлдөр, дарак көчөттөрү эгилип, айлананы көрктөндүрүү, сырдоо иштери кызуу жүрүүдө.