ЖАШ СТАРТАПЕРЛЕР БИЗНЕС ТУУРАЛУУ САБАК АЛЫШАТ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ЖАШ СТАРТАПЕРЛЕР БИЗНЕС ТУУРАЛУУ САБАК АЛЫШАТ
6 март 2023
126

ЖАШ СТАРТАПЕРЛЕР БИЗНЕС ТУУРАЛУУ САБАК АЛЫШАТ

ЖАШ СТАРТАПЕРЛЕР БИЗНЕС ТУУРАЛУУ САБАК АЛЫШАТ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунда студенттер жана магистранттар үчүн комплекстүү алты күндүк бизнес окуу старт алды.
Иш чара Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Ага Хан фонду жана окуу жайдын Бизнес инкубатору менен биргеликте уюштурулууда. Ал “Жергиликтүү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жаштардын арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасынын негизинде өткөрүлүп жатат.
Аталган окуу курска студенттердин сурамжылоосунан соң, жалпы 100дөн ашык өтүнмө кат келип түшкөн. Анын ичинен 30 студент тандалып алынып, жетекчилик тарабынан сабактардан бошотулуп, бизнес тренингге катышууда.
Мында жаш стартаперлер бизнести жана анын бардык этаптарын окуп, үйрөнүшөт. Алгачкы сабак киришүү менен башталып, студенттер команда менен иштөө, жеке ишкердиктин оң жана терс жактары жана канвас бизнес модели жөнүндө кеңири түшүнүк алышты.
Белгилей кетсек, окутуунун соңку күнү атайын бизнес идеялардын сынагы уюштурулуп, комиссия тобу тарабынан эң мыкты деп эсептелген 2 долбоорго 2000 $ дан 4000 $ суммасында кайтарымсыз грант берилмекчи.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro