АЙЫМДАРГА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КЕЧЕ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » АЙЫМДАРГА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КЕЧЕ
7 март 2023
178

АЙЫМДАРГА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КЕЧЕ

АЙЫМДАРГА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КЕЧЕ
8-март Аялдардын эл аралык күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өзгөчө маанайда белгиленди.
Саамалык агайлардын айымдарга гүл сунуусу менен башталып, залдагы бардык эжекелерге жаз гүлдөрү тартууланды. Иш чарага университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышып, жалпы айымдарга жагымдуу маанай жаралды. Алгач ректор Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүнө чыгып, ааламдын көркү болгон аялзатын аруу майрамы менен куттуктап, алардын коомдогу орду, баркы ар дайым жогору экенин баса белгиледи.
Аны улай окуу жайдын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, жигердүү эмгектенген окутуучу эжекелерге, кызматкерлерге жана студент кыздарга Ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Майрамдык кечени белгилүү куудулдар Тынар Курбаналиев жана Борончу Кудайбергеновдор улантышып, катышуучуларга тамашалуу, жагымдуу маанай жаратуу менен өз чыгармачылыктарын тартуулашты.
Мындан сырткары таланттуу мырзалар обондуу ырларды аткарышып, кечени жогорку маанайда жыйынтыкташты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro