ОшМПУ ЖЕҢИШ МЕНЕН! » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУ ЖЕҢИШ МЕНЕН!
13 март 2023
223

ОшМПУ ЖЕҢИШ МЕНЕН!

ОшМПУ ЖЕҢИШ МЕНЕН!
Бүгүн Ош улуттук драма театрында өткөн САРМЕРДЕН сынагында Ош мамлекеттик педагогикалык университети жеңүүчү аталды.
Аталган саамалык Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан жогорку окуу жайлар ортосунда жарыяланып, ага ылайык үч окуу жай чүчү кулак тандашкан. Алгачкы айлампада Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык училищасы менен ОшМПУнун таланттары сармерден таймашына түшүштү.
Мында жобого ылайык 9 тур менен номерлер аткарылып, көрүүчүлөрдүн күчтүү сүрөөнү менен катышуучулар жогорку маанайда чыгармачылыктарын тартуулашты. Ансамблдин коштоосунда элдик ырлар, бийлер аткарылып, кыргыз маданиятынын улуулугу бүгүн сахнада даңазаланды.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен ОшМПУнун таланттары жеңүүчү деп табылып, финалга өтүштү. 14-март күнү кайрадан ОУДТда ОшМПУ менен ОшМУ сармерден оюнунда кездешмекчи.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro