14 март 2023
428
САРМЕРДЕН ДОСТУК ЖЕҢИШИН ТАНДАДЫ
САРМЕРДЕН ДОСТУК ЖЕҢИШИН ТАНДАДЫ
Бүгүн ОУДТда САРМЕРДЕН оюнунун финалдык таймашы болуп өттү.
Ага ылайык 1-этапта жеңүүчү аталган Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен Ош мамлекеттик университети таймаш курушуп, өз таланттарын тартуулашты.
Сармердендин салтына ылайык саламдашуу, элдик обондуу ырлар, бийлер, акыйнек айтышуулар, жаңылмач жана макал айтышуу менен эки тарап өздөрүнүн дараметин, деңгээлин далилдешти.
Ар бир аткарылып жаткан номер көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланып, калыстар тобунун сынына түштү. Окуу жайлардын өзгөчө даярдыгы, мыкты таланттардын аткаруусу кечени өз максатына жеткире алды.
Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен атааңдаш тараптар тең чыгып, достук жеңиши менен аякталды. Бул менен бирге уюштуруу тобу жана демөөрчүлөр тарабынан сыйлыктар тапшырылып, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык училищасы Ыраазычылык баракча жана 50 000 сом акчалай сыйлыкка татыды. ОшМПУ менен ОшМУга да Ыраазычылык баракча жана 150 000 миң сомдон сертификаттар тапшырылды.