ДЕН СООЛУК-2023 СПАРТАКИАДАСЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ДЕН СООЛУК-2023 СПАРТАКИАДАСЫ
14 март 2023
292

ДЕН СООЛУК-2023 СПАРТАКИАДАСЫ

ДЕН СООЛУК-2023 СПАРТАКИАДАСЫ СТАРТ АЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Ден соолук-2023» аттуу спартакиада старт алды.
Иш чара олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясы тарабынан уюштурулуп, спорттун 7 түрү боюнча болот. Ага Ош шаарындагы 8 жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучулары катышат.
Ага ылайык бүгүн окуу жайда спартакиаданын ачылуу аземи өткөрүлүп, куттуктоолор айтылды. Мында КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу департамент тарабынан дене тарбия жана спорттун мыктыларына Ардак грамота жана сыйлыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек,спартакиаданын жыйынтыгында алдыңкы орун алган командалар көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын биринде өтүлө турган республикалык «Ден соолук» спартакиадасына катышууга жолдомо алат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro