16 март 2023
288
ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ КУРГАК УЧУК ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ АЛУУДА
ОшМПУнун СТУДЕНТТЕРИ КУРГАК УЧУК ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ АЛУУДА
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде кургак учуктун алдын алуу боюнча семинар уюштурулду.
Ага Американын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) кургак учукту айыктыруу долбоорунун адиси Анарбек Алимакунов жана Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун фтизиатр дарыгери Мимоза Адрахманова жана окуу жайдын студенттери катышты.
Мында студенттер кургак учук тууралуу кенен түшүнүккө ээ болушуп, дарттын жугуу жолдору, алгачкы белгилери, оорудан айыгуу жана алдын алуу ыкмалары боюнча суроолого жооп алышты.