ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИ 3 ДОЛБООРГО ГРАНТ УТУП АЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИ 3 ДОЛБООРГО ГРАНТ УТУП АЛДЫ
16 март 2023
131

ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИ 3 ДОЛБООРГО ГРАНТ УТУП АЛДЫ

ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИ 3 ДОЛБООРГО ГРАНТ УТУП АЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунда студенттер жана магистранттар үчүн комплекстүү алты күндүк бизнес окуу жыйынтыкталды.
Долбоордун алкагында катышуучулар прототип базасынан бизнес процессти өз алдынча алып кетүүгө чейинки керектүү билимдерди толук алышты. Аталган окуу курстун негизинде бизнес идеялардын сынагы уюштурулуп, ага жалпы 25 стартапер катышып, анын ичинен 3 долбоор атайын комиссия тобунун чечими менен тандалып алынды. Тандалган бизнес идеяларга 2000$ - 6000$ суммасында кайтарымсыз грант берилет.
Тренинг ишкердүүлүккө кызыккан жаштарга бизнес жүргүзүү жолдорун үйрөтүү, жеке ишкердикке даярдоо жана жумуш менен камсыздоо максатында Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Ага Хан фонду жана окуу жайдын Бизнес инкубатору менен биргеликте уюштурулду. Ал “Жергиликтүү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жаштардын арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасынын негизинде өткөрүлгөн.
Белгилей кетсек, 2022-жылы “Жергиликтүү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында уюштурулган бизнес окуу курсунда Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарынан 450дөн ашуун адам окуп, алардын ичинен 56 бизнес долбоор тандалып, уюштуруучулар тарбынан ар бирине 3500$дан колдоо көрсөтүлгөн.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro