“КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ” ФОРУМУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » “КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ” ФОРУМУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
18 март 2023
619

“КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ” ФОРУМУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“КЕСИБИМ-КЕЛЕЧЕГИМ” ФОРУМУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Кесибим-келечегим» аталышындагы форум болуп өттү.
Форумдун алгачкы бөлүгүндө алыскы райондордон келген окуучулар үчүн АЧЫК ЭШИК күнү уюштурулуп, окуу жайдагы бардык адистиктер боюнча маалыматтар берилди.
Саамалыктын экинчи бөлүгү чоң жыйындар залында уланып, ага окуу жайдын жетекчилиги, атайын чакырылган коноктор, алыскы райондордон келген мугалимдер жана 300дөн ашуун окуучулар катышты.
Иш чараны университеттин ректору ачып берип, окуучуларды кесип тандоодо адашпоого, замандын талабына жараша жуурулушуп, дүйнөлүк масштабдагы, эң алдыңкы окуу жайларга тапшырууга талбай аракет кылууга чакырып өттү.
Аны улай форумдун спикерлери экс депутат, коомдук ишкер Абдывахап Нурбаев, «Китепстан» басма үйүнүн директору Бакытбек Абдуллаев, «Жетиген» мектеп-лицейинин директору Зайнидин Момонов жана Geeks IT курсунун жетекчиси Кундуз Нарынбековалар ар тармакта окуучуларга туура кесип тандоо багытында тийиштүү маалыматтарды, сунуштарды айтышты.
Мында окуучулар «Билимдүү Кыргызстан» улуттук кыймылы, келечек ээлеринин билими жана тарбиясы, убакытты туура пайдалануу жана IT адистиги тууралуу кеңири маалыматтарга ээ болушту. Аталган форум жандуу аудиториянын коштоосу менен жогорку деңгээлде өтүп, суроо-жооптор менен коштолду.
Жыйынтыгында форумдун спикерлерине, интеллектуалдык оюндун жеңүүчүлөрүнө жана буга чейинки өткөрүлгөн сынактарга активдүү катышып, жеңүүчү болгон окуучуларга ноутбук, Ташкентке жолдомо диплом жана баалуу белектер тапшырылды.
Саамалык окуучулардын билим деңгээлиинин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү, кесип тандоого багыт берүү жана ЖРТга даярданууга көмөк көрсөтүү максатында окуу жайдын мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro