ОшМПУда АНГЛИС ТИЛИНДЕ АКЫЛ ТАЙМАШ БОЛУП ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда АНГЛИС ТИЛИНДЕ АКЫЛ ТАЙМАШ БОЛУП ӨТТҮ
18 март 2023
183

ОшМПУда АНГЛИС ТИЛИНДЕ АКЫЛ ТАЙМАШ БОЛУП ӨТТҮ

ОшМПУда АНГЛИС ТИЛИНДЕ АКЫЛ ТАЙМАШ БОЛУП ӨТТҮ
15-март күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ЖОЖдор аралык “Jeopardy!” аталышында интеллектуалдык таймаш уюштурулду.
Акыл таймашка ОшТУ, КӨАЭУ жана ОшМПУнун англис тили адистигинде билим алган студенттер командасы катышып, өз билимдерин сынашты. Оюн англис тилинде уюштурулуп, катышуучулар 5 категориядан турган түрдүү суроолорго жооп беришти.
Иш чаранын башкы максаты студенттерди тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу, алган билимдерин колдоно алуусуна көмөк көрсөтүү жана ЖОЖдор аралык ынтымакты бекемдеп, достукту чыңдоо болуп саналат.
Таймаштын соңунда университеттин ректору Бекмурза Зулуев жалпы оюндун жүрүшүнө пикирин билдирип, катышуучу студенттерге ийгилик каалап, жеңүүчүлөрдү сыйлады.
Кызуу жүргөн оюндун жыйынтыгы менен 3-орунду ОшМПУнун кыздар командасы ээлесе, 2-орунга КӨАЭУнун командасы ээ болушту. Ал эми 1-орунду ОшТУнун студенттери багындырышып, уюштуруу тобу тарабынан диплом жана баалуу белектерге ээ болушту.
Эскерте кетсек, интеллектуалдык оюн гуманитардык факультети тарабынан Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын алкы гына уюштурулду.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro