ТАЖРЫЙБА - ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ТАЖРЫЙБА - ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ
13 апрель 2023
302

ТАЖРЫЙБА - ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, профессор Бекмурза Зулуев баштаган окуу жайдын ректорат жамааты Ош мамлекеттик университетинин санариптик ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып чыгышты.
ОшМУнун иш аракеттери менен таанышып, тажрыйба алмашуу максатында барган өкүлдөрдү ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков жылуу кабыл алып, эки университет билим берүү айдыңында эриш-аркак иштешип келген шериктеш окуу жайлар экенин баса белгилеп, ыраазычылык билдирди. Андан соң К.Кожобеков университеттин санариптик ишмердүүлүгү, андагы жетишкендиктерге токтолуп, электрондук иш башкаруу системасынын базасы, иштөө процесси менен тааныштырды.
Белгилей кетсек учурда Ош мамлекттик университетинде бардык кыймыл-аракеттер толук түрдө электрондук форматта ишке ашырылып, абитуриент окуу жайга тапшыргандан тартып, колуна диплом алганга чейинки процесс санариптештирилген.
Электрондук документ айлантуу системасы иштелип чыгып, ал аркылуу уинверситеттин ичинде документ айлантуусу толук автоматташтырылган. Мындан тышкары да бир топ алгылыктуу иш аракеттер жүрүп, университеттин жалпы кызматкерлери жана студенттери үчүн жагымдуу шарттар жаралган.
Ошондой эле өзгөчө статус алган окуу жай катары анын талаптарына ылайык, билим берүү ишмердүүлүгүн жакшыртууга ыкчам аракеттерди көрүп, натыйжалуу жыйынтык көрсөткөндугү үчүн өзгөчө статус алган 5 окуу жайдын арасынан эң үлгүлүү университет катары тааныла алды.
Шериктеш окуу жай катары ОшМУнун аталган жетишкендиктерин ОшМПУнун жамааты кубануу менен кабыл алып, окуу жайды санариптештирүүдөгү айрым муктаждыктарды тажрыйба алмашуу аркылуу жоюу максатында ОшМПУнун жетекчилиги атайын таанышууга барышкан.
Мунун алкагында ОшМПУнун өзүндө ишке ашып келген AVN автоматташтырылган окутуу жана башкаруу системасын мындан ары да жакшыртып, аталган системанын Ош мамлекеттик университети тарабынан кеңейтилген форматта иштеп жаткан артыкчылыктарынан тажрыйба алынаары пландалды.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro