ОшМПУнун ФИЛОЛОГДОРУ ТЕРМИНОЛОГИЯНЫН АБАЛЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун ФИЛОЛОГДОРУ ТЕРМИНОЛОГИЯНЫН АБАЛЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ
18 май 2023
268

ОшМПУнун ФИЛОЛОГДОРУ ТЕРМИНОЛОГИЯНЫН АБАЛЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ

ОшМПУнун ФИЛОЛОГДОРУ ТЕРМИНОЛОГИЯНЫН АБАЛЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Учурдагы терминологиянын абалы жана эксперттерди түзүү” аталышында жыйналыш болуп өттү.
Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштулуруп, ага университеттин жана Колледждин мамлекеттик тил кафедрасынын мүчөлөрү, дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучулары жана жалпы профессордук окутуучулук жамаат катышты.
Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозбекова, Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору, башкы редактор Нуржан Маражапова ар бир окуу жайга учурдагы терминологиянын абалы жана эксперттик топторду түзүү, алардын иши боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында иш сапары менен келгендигин билдиришти.
Мында коноктор бирдейлештирилген сөздөрдү туура жайылтуу, тактоону талап кылган терминдер, тилибиздеги түрдүү ой пикирлерди жараткан сөздөрдүн этимологиясы, тилдин тагдыры, кыргыз тилинин мааниси боюнча кеңири маалымат беришти. Ошондой эле бөлүмдүн адистери тарабынан окутуучуларга кыргыз википедиясы, эл сөздүк сайтына макалаларды жазуу, ар бир адис өзүнүн адистиги боюнча тилдик терминологияларды түзүү жана энциклопедиялык эмгектерди жаратуу сыяктуу сунуштары менен бөлүштү.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

  • WWW.NET.KG
Разработка сайта - uDesign.pro