БИЛИМ, ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕЗЕКТЕГИ МЕЛДЕШИ СТАРТ АЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » БИЛИМ, ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕЗЕКТЕГИ МЕЛДЕШИ СТАРТ АЛДЫ
19 май 2023
143

БИЛИМ, ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕЗЕКТЕГИ МЕЛДЕШИ СТАРТ АЛДЫ

БИЛИМ, ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕЗЕКТЕГИ МЕЛДЕШИ СТАРТ АЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык унивеситетинде Ош облусунун райордору аралык Билим, илим кызматкерлеринин спорттук мелдеши старт алды.
Ага ылайык бүгүн окуу жайда иш чаранын ачылуу аземи өткөрүлүп, ага райондун жана шаардын кызматкерлери катышты. Жобого ылайык мелдешке 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку курактагы аялдар жана мырзалар катышып, стол теннис, шахмат, ордо, тогуз коргоол, стритбол, минифутбол жана волейбол сыяктуу спорттун 7 түрү боюнча кызуу оюн көрсөтүшүүдө. Оюндун жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон командалар медаль, диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.
Белгилей кетсек, мелдеш өткөн жумада жогорку жана орто окуу жайларынын кызматкерлери ортосунда болуп өткөн. Аталган спартакиада билим, илим кызматкерлеринин арасында спортту өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо жана республикалык спартакиадага катышуу үчүн облустун курама командасына тандоо жүргүзүү максатында жыл сайын уюштулуруп келет.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro